Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт.
Ал үчүн Facebook же Instagram баракчаңызда #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып берүү керек. Челендж 10-декабрда аяктайт.
Бул акция коомдо коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу көз карашын калыптандыруу максатында өткөрүлүп жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү белгиленип келет.