Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 420 учур жаңы катталды, 400 адам айыкты

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 291 | 0

Кыргызстанда 3-декабрга карата COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду. Анын үчөө Бишкек шаарында, дагы бир учур Ош облусунда катталды.

Пандемия башталгандан бери 1281 бейтап коронавирустан көз жумду.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 420 учуру катталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 73 миң 933кө жетти.

Акыркы бир күндө коронавирустан 400 адам айыгып, жалпы сакайгандар 65 миң 589 адам болду.

Акыркы суткада дагы 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Анын бирөө кызыл зонадан жуктурган. Ал эми 9 кызматкер ооруканадан, дагы экөө үй карантининен чыгарылган.

COVID-19 вирусун жуктурган медиктердин саны 3944кө жетти, анын 3634ү сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM