Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палата парламенттин ыйгарым укуктары боюнча чечим чыгарганы жатат

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 377 | 0

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата «Реформа» партиясынын кайра шайлоону дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча берген доо арызын карап жатат.

Буга чейин «Реформа» партиясы, юристтер бирикмеси президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын айрым ченемдерин токтото турууга каршы арызданышкан.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 22-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө мыйзамдын эки беренесинин күчүн токтото туруу боюнча мыйзамдын кабыл алынышы ага карама-каршы келерин айтууда.

«Ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Бирок парламент бизди ал укуктан ажыратты. Октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин, кайра шайлоо белгиленип, анын бардык катышуучулары кайрадан шайлоого катышуу укугуна ээ болуусу керек эле», — деди Сооронкулова.

Ал мындан тышкары, Конституциялык мыйзамдын жаңы долбоорун бир эле күндө демилгелеп, бардык фракцияларда, комитеттерде талкууланганы жана үч окуудан дароо кабыл алынганы мыйзамсыз экенин айтууда.

Конституциялык палата доо арызды эртең менен карай баштаган. Кечки саат 6га жакын чечим чыгары кабарланган.

Судьялар тараптардын жүйөлөрүн уккандан кийин, чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кирип кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM