Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында кинотеатрлар 3-декабрдан тарта иштей баштайт

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 309 | 0

Ош шаарында 3-декабрдан тарта кинотеатр, интернет клуб, кафе-ресторан жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилет. Мындай чечим Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт.

Жарандар аралыкты сактоо менен отургузулуп, зал 50 пайызга гана толтурулушу керек.

Бишкекте 1-декабрда кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты.

Ал эми тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгат. Жаңы жылга карата корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM