Биз менен байланышыңыз

«Манас-Ордо» комплексинде бир күн бою «Манас» айтылат

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 374 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрь — «Манас» күнүнө карата Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде иш-чара өткөрөт. Анда бир сутка бою «Манас» айтылат.

Министрликтин маалыматына караганда, «Манас» айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү саат 11:00дө токтотулат. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген манасчылар катышат.

Майрамдык салтанат демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөрү айтылды. Ачылыш аземи атайын театралдаштырылган программа менен коштолуп, КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM