Биз менен байланышыңыз

Кытайдын космостук аппараты Айга конду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 341 | 0

Кечээ, 1-декабрда Кытайдын «Чанъэ-5» космостук аппараты Айга конду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Эми космостук аппарат анда эки күн болуп, Ай кыртышын чогултат.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай акыркы 44 жылдан бери Айдагы геологиялык үлгүнү ташыган долбоорду ишке ашырган алгачкы мамлекет болуп калат.

Мындай миссияны 1960-жылдардын аягында жана 1970-жылдардын башында АКШ менен СССР да ишке ашырган. Ошондон бери көптөгөн өлкөлөрдүн планетологдору Айдан жаңы үлгүлөрдү күтүп келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM