Биз менен байланышыңыз

Түркия коронавируска каршы катаал карантинди күчөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 360 | 0

Түркияда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча катаал чаралар жарыяланды. Мындай чечим өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан кабыл алынганын «Anadolu» агенттиги жазды.

Ага ылайык, өлкөгө коменданттык саат режими киргизилди. Жарандарга саат 21:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынды. Ошондой эле жума күнү саат 21:00дөн дүйшөмбү күнү саат 05:00гө чейин көчөгө чыгууга болбойт.

Коменданттык сааттын өндүрүш, сатып алуулар, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба сыяктуу бир катар тармактардын кызматкерлерине тиешеси жок.

Базарлар, азык-түлүк дүкөндөрү, эт жана жер-жемиш дүкөндөрү үйгө жеткирүү кызматын демалыш күндөрү да көрсөтө алат.

20 жашка чейинки жарандарга, ошондой эле 65 жаштан жогору адамдарга коомдук транспортторду колдонууга тыюу салынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM