Дастан Дүйшөкеев Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал бул кызматка 17-ноябрда дайындалганы белгилүү болду.
Дастан Дүйшөкеев 14-октябрда премьер-министрдин милдетин аткарган Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болгон.
Өлкөнүн тышкы саясат боюнча маселелери буга чейин Данияр Сыдыковдун жетекчилигинде болчу. Ал 2018-жылы 5-мартта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин болгон нааразылык акцияларынан улам бийлик алмашкан.