Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Өзбекстан Орусиянын вакцинасын сыноону пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 444 | 0

Өзбекстан Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik-V» вакцинасын сынап көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Абдухаким Хажибаев маалымдаганын «РИА Новости» жазды.

Маалым болгондой, сыноо 2020-жылдын аягында, 2021-жылдын башында жүргүзүлөрү болжолдонууда.

«Оң жооп болсо, быйыл жылдын соңунда же келерки жылдын башында бул вакцинанын клиникалык сыноолоруна киришүүнү пландап жатабыз», — деген Хажибаев.

Белгилей кетсек, сентябрда Орусиянын Түз инвестициялар фонду Өзбекстандын «Laxisam» фармацевтикалык компаниясы менен 2020-2021-жылдары Өзбекстанга 35 миллион долларлык вакцина жеткирүү боюнча макулдашкан.

Саламаттыкты сактоо министри Абдухаким Хажибаев өз билдирүүсүндө Өзбекстан Орусиянын Түз инвестициялар фондунан 500 доза вакцина сураганын айтты. Буга чейин министрликтин басма сөз катчысы 5 миң вакцина сурашканын маалымдаган.

Мындан тышкары тестирлөө үчүн Кытайдан Өзбекстанга 6 миң доза вакцина жеткирилгенин, Өзбекстан коронавируска каршы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү айлампасына даяр экенин, сыноого 5 миң ыктыярчы катышарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM