Биз менен байланышыңыз

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында башкы балаты орнотулууда

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 479 | 0

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына башкы балаты орнотулуп жатат. Анын оту 10-декабрда жандырылат. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, быйыл жаңы жылдык майрамдар өткөрүлбөйт.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үч жаңы жылдык балатынын: өлкөнүн башкы балатысы борбордук «Ала-Тоо» аянтына узундугу 25 метр, Ак үйдүн жанына 15 метр жана Т. Сатылганов атындагы  Кыргыз улуттук филармониясынын алдына 11 метр балатынын каркастарын орнотууга киришти.

Монтаждоо иштери үч күндө бүткөрүлөт, андан кийин  «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатыны кооздой баштайт.

Чүй проспектисин Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгында жылдыз, глобус, шар түрүндөгү жаңы жылдык баннерлер илинет. Ал эми Абдрахманов көчөсү жана Манас проспектиси фейерверк түрүндө жаңы жылдык инсталляция менен кооздолот.

Мэрия быйыл эски жасалгаларды колдонорун айтууда. Вице-мэр Айжан Чыныбаева буга чейин билдиргендей, үнөмдөлгөн акча майып балдары бар жакыр үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлерге белек берүүгө жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM