Биз менен байланышыңыз

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Женгого» издөө жарыяланды

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 426 | 0

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

2020-жылдын 28-октябрында ага Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланды.

УКМК учурда Досоновдун жүргөн жерин жана башка кылмыш иштерге тиешеси бар-жогун аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM