Кыргызстанда COVID-19 илдетинин алгачкы учуру 18-мартта катталган, анда үч адамдан коронавирус аныкталган. Андан бери 72 807ге адамга вирус жукту.
Коронавирус менен пневмониянын статистикасы бириктирилгенден кийин 17-июлдан тарта ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр:
-17-июль – 1654 учур;
-18-июль – 1264 учур катталган.
Ноябрда сутка ичинде эң көп катталган учурлар:
9-ноябрда – 571 учур;
10-ноябрда – 570 учур;
Эң көп Бишкек шаарында – 24279, ал эми эӊ азы Нарын облусунда – 2073 учур катталган.
30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 бейтап айыккан. Бүгүнкү күндө жалпы 64 миң 149 адам коронавирустан айыкты.
2-апрелде алгачкы өлүм учуру катталган, андан бери коронавирустан 1271 адам көз жумду.