30-ноябрга карата дагы 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 5 медкызматкер кызыл зонада жуктурган:
-Бишкек шаарында – 10 (кызыл зонадан 5);
-Чүй облусунда – 3;
-Ош шаарында – 1;
-Жалал-Абад облусунда – 1;
-Баткен облусунда – 2.
Ал эми бир суткада үй карантининен 6 медкызматкер айыгып, чыгарылган.
COVID-19 вирусу 3910 медициналык кызматкерге жугуп, анын 3599у сакайды.