Биз менен байланышыңыз

Новиков: Биздин милдет – тоо-кен өндүрүү комбинатынын ишин калыбына келтирүү

Кыска кабар | 28 Ноя 2020 | 545 | 0

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кара-Балта тоо-кен комбинатынын иши менен таанышты. Новиков комбинаттын жана тоо-кен өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен сырьену ташып келип, ишканада иштетүүнү уюштуруу максатындагы жолугушууга катышты.

«Биздин милдет – тоо-кен өндүрүү комбинатынын ишин толугу менен калыбына келтирүү. Учурда комбинатта алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жыйынтыкталууда. Мындай фабрикалар кен өндүрүлүп жаткан аймактарда да курулууда. Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк кубаттуулугун пайдалануу, жүктөө максатында тоо-кен ишканалары жана сырьену иштетүүчүлөр ортосунда кооперацияны жайгаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи Новиков.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM