Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Орус тили расмий тил бойдон калышы керек

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 823 | 0

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров орус тилин расмий макамынан ажыратуу туура эмес экенин айтты. Бул тууралуу Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин расмий статусун алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили БУУнун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышты жана карым-катнаштарды орус тилисиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек», — деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экенин айткан. Бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү орус тили Кыргызстандын расмий тили бойдон каларын билдирди.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда да өлкөдө орус тилинин макамын өзгөртүү боюнча ой жок экенин билдирген.

Жапаров буга байланыштуу Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүүнү өтүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM