Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 28-29-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 29-30-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт.
Эртең, 28-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 … -5, күндүз -3 … +2;
Талас облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -4 … +1;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4 … +1, күндүз -2 … +3;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1 … -6, күндүз 3 … 8;
Нарын облусунда түнкүсүн -9 … -14, күндүз 0 … -5;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 … -2, күндүз 0 … 2 градус болот.