Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусияда оор абалга кабылган жарандарын мекенине алып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 454 | 0

Өзбекстан Эл аралык миграция уюму менен биргеликте Орусияда оор абалга кабылган 17 жаранын чартердик каттам аркылуу мекенине жеткирди.

Өзбекстандын тышкы миграция боюнча агенттигинин маалыматына караганда, Екатеринбургдан 1,  Казандан 2, Москвадан 2, Башкыртстандан 5, Санкт-Петербургдан 7 мигрант мекенине келди. Алардын көбү — кош бойлуу келиндер, оорулуу жана багар-көрөрү жок жарандар.

Буга чейин Москвадан 15, Санкт-Петербургдан 7 жана Абхазиядан 299 өзбекстандык чартердик каттамдар менен мекенине жеткирилгени кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM