Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды.
Жогорку Кеңеш 25-ноябрда Солтонбекованын талапкерлигин талкуулап, колдоп берген. Аны бул кызматка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков көрсөттү.
Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.
Министрликти буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеген.