Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн валюта рыногунда интервенция жасады. Банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 24-ноябрда валюта рыногуна 1 млн 600 миң доллар сатылды.
Ушуну менен Улуттук банк ноябрь айынын эсеби боюнча жетинчи жолу, ал эми жыл башынан бери валюта рыногунда 22-ирет интервенция жасады.
Ушул күндөрү өлкөдө доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.