Биз менен байланышыңыз

Европада ар 17 секунд сайын бирден бейтап коронавирустан каза болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 387 | 0

Европада ар 17 секунд сайын коронавирустан бир адам каза болууда. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Европадагы бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин «РИА Новости» жазды.

«Жалган маалыматтарды таратпоо жөнүндө сунуштарды эске алып, коронавирус жок дегендер менен күрөшүп, биз адамдардын COVID-19 инфекциясынан каза болуусунун алдын алабыз», — деди Клюге.

Европа боюнча күн сайын орточо 4,5 миң киши коронавирус инфекциясынын кесепетинен өмүрү менен кош айтышып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM