Биз менен байланышыңыз

Жапаров Башмыйзамдын жаңы долбооруна эки сунуш киргизген

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 366 | 0

Садыр Жапаров 23-ноябрда «7-каналга» маек куруп, Конституциянын жаңы долбоорун сындап жаткандарга жооп берди. Анын айтымында, долбоорго «өкмөт менен президент биригип, бир эле аппарат болсун жана элдик курултай кирсин» деген эки эле сунуш берген.

«2010-жылы Текебаев киргизген Конституциянын айынан азыр сазга батып отурабыз. Жаңы кирип жаткан долбоор боюнча «бир эле башчы болсун жана парламент калсын» деп жатабыз. Парламенттик башкаруу деп утуп келген партиялардын үчөө биригип алып, мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итбай-чотбайын» деле коюп жатат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан. Биз мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. Мени «ханский Башмыйзамды киргизип жатат» деп айтып жатышса, мына азыркы Башмыйзамды накта ханский деп айтса болот, бүт бийлик президенттин колунда, утуп келген партиялар президенттин көзүн карап отурат».

Жапаров Башмыйзамдын жаңы долбоорунун жыйырмадан ашык автору бар экенин, алар илимпоздор, юридика илимдеринин докторлору экенин айтты.

«Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган. Аны Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM