Биз менен байланышыңыз

Трамп бийлигин өткөрүп берет

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 483 | 0

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары аныкталган Жо Байденге бийликти өткөрүп берүү жараянын баштады.

Трамп АКШнын админстрациялык маселелер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эмили Мерфиге жана өзүнүн админстрациясына кайрылып, кийинки бийликке кызматты тапшыруу үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө чакырды.

«Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн, Эмили жана анын командасына алгачкы протоколго ылайык керектүү аракеттерди жасоосун сунуштайм. Өзүмдүн командама да дал ушундай сунушта кайрылдым», — деп жазды Трамп Твиттердеги баракчасында.

7-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгып, анда «Демократтар» партиясынан талапкер болгон, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңгени аныкталган.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлгөн президенттик шайлоону жеңип, 46-президент болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Акыркы расмий жыйынтыктарды америкалыктар 2021-жылдын 6-январында билишет, ал эми АКШнын жаңы президентинин инаугурациясы 20-январда өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM