Биз менен байланышыңыз

«Жаш жаратман» видеороликтер сынагы жарыяланды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 647 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жаштар үчүн тарбиялык багыттагы «Жаш жаратман» социалдык видеороликтердин сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алга умтулуу аркылуу баарына үлгү боло ала турган жигердүү жарандын образын жаштардын аң-сезимине сиңирүү максатында өткөрүлүп жаткан сынакка  чыгармачылык борборлор жана кесипкөй студиялар катышса болот.

Талапка ылайык, видеороликтердин мазмунунда мекенчил, чынчыл, жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана башка сапаттарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын образы камтылышы керек. Ошондой эле сынактын максаттарына жана милдеттерине жооп берген, толук бүткөн жогорку сапаттагы 2 мүнөттөн ашпаган кыргыз жана орус тилиндеги материалдар кабыл алынат. Сюжеттин жаңылыгына жана оригиналдуулугуна артыкчылык берилип, интернеттен пайдаланууга тыюу салынат.  Видеороликтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, моралдык ченемдерге каршы келбөөгө жана башка адамдардын автордук укугун бузбоого тийиш.

Сынактын жеңүүчүлөрүн өзгөчө атайын түзүлгөн сынактык комиссия упай берүү аркылуу аныктайт.

Жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

  • 1-орун – 200 миң сом;
  • 2-орун – 150 миң сом;
  • 3-орун –100 миң сом.

Видеороликтер 2020-жылдын 18-декабрына чейин  кабыл алынат.

Кошумча маалыматты www.sport.gov.kg сайтынан же 0500 054 887 (what’s app) номери аркылуу алсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM