Биз менен байланышыңыз

Чек арадан аткез товар алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 354 | 0

Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 22-ноябрда Баткен облустук чек ара бөлүмү УКМКнын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн «Тилектештик-2019-2021» операциясынын алкагында Кадамжай районундагы «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Өзбекстанга турмуш-тиричилик буюмдарын аткез жол менен алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын колго түшүрүштү. Товардын жалпы баасы 200 миң сом экени аныкталды.

Кармалган жүккө карата тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чара көрүү максатында Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM