Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин 25-ноябрдагы жалпы жыйынында талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жазылды.
Солтонбекованы бул кызматка премьер-министр сунуштаган. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдогон.
Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында мындан тышкары, өлкөнүн 2020-жылга карата бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.
Ошондой эле 2021-жылга карата жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө мыйзам долбоору да биринчи окууга киргизилет.
Күн тартибинде комитеттердин курамдарын бекитүү, курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө да мыйзам долбоору бар.