Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы өлкөгө 5 млн 700 миң сом зыян келтирген

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 590 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик салык кызматындагы ири коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеменин жүргүзгөн иликтөөлөрүнө ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн биринен кошумча нарк салыгын алууда жасаган мыйзамсыз иши аныкталды. Мунун кесепетинен өлкө казынасы 5 млн 700 миң сом зыянга учураган. Учурда бардык акчалар казынага кайтарылды.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши ачылып, Бишкек шаардык салык кызматынын аймактык башкармалыгынын инспектору, бөлүм башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы суракка чакыртылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM