Биз менен байланышыңыз

Хакасиянын мурдагы башчысы коронавирустан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 421 | 0

Хакасия мамлекетинин мурдагы башчысы, «Орусия темир жолу» Ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Виктор Зимин коронавирустан каза тапты.

Анын көз жумганын Хакасиядагы Аскиз районун башчысы Абрек Челтыгмашев Инстаграм баракчасы аркылуу кабарлап: «Хакасиянын мурунку башчысы коронавирус пневмониясынан каза тапты. Жакындарыма жана үй-бүлөмө көңүл айтам! Бүгүн Хакасия үчүн оор жоготуу болду!» — деп жазган.

Виктор Зимин август айында Байкал-Амур магистралына болгон иш сапары учурунда коронавирус жугузуп алганын өзү маалымдаган. Ал Вишневский Коргоо министрлигинин госпиталында дарыланып жаткан.

Виктор Зимин 1962-жылы 23-августта туулган. 2007-2009-жылдары Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты, 2009-2018-жылдары Хакасия өлкөсүнүн башчысы кызматтарында иштеген. 2019-жылдан тартып «Орусия темир жолу» Ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары — темир жолдун Чыгыш аймактары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп турган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM