Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Нью-Йоркто жүздөгөн адамдын сөөгү көмүлбөй турат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 461 | 0

АКШнын Нью-Йорк штатында ушул жылдын жазында коронавирус эпидемиясынан каза тапкан жүздөгөн адамдын сөөгү жерге берилбейт турат. Бул тууралуу «Wall Street Journal» басылмасы жазды.

Басылманын айтымында, жаз айында илдеттен каза тапкандардын саны арбып, мунун айынан жергиликтүү бийлик атайын муздаткычы бар жүк ташуучу унааларды да «көчмө морг» катары пайдаланууга аргасыз болгон. Маселен, шаардын Бруклин аймагындагы ушундай унааларда 650 маркумдун сөөгү көмүлбөй турат.

Бул боюнча Нью-Йорктун улук медициналык экспертиза башкармалыгы: «Сөөктүн көпчүлүгүнүн жакындары табыла элек, айрым маркумдардын туугандарынын жерге берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Айталы, 230 маркумдун жакындары менен байланышып, сөөктү алып кетүүсүнө уруксат берүүгө мүмкүн эмес», — деп маалымдаган.

Ноябрь айынын башында Техас штатында да ушундай «көчмө морг» уюштурула баштады. Себеби оору жугузгандардын саны миллиондон ашып, анын кесепетинен каза тапкандардын сөөгү жергиликтүү моргдорго батпай кеткен.

Белгилей кетсек, мындай ыкма 2001-жылдын 11-сентябрындагы жан кечтилердин чабуулунан улам пайда болгон кырдаалда да колдонулган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM