Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Алты бейтап каза болуп, 304 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 438 | 0

Кыргызстанда 23-ноябрга карата алты бейтап коронавирустан каза болду. Анын экөө Бишкек шаарында, бир учур Талас облусунда, эки учур Чүй облусунда, дагы бири Ош облусунда катталды.

Ошентип март айынан бери COVID-19 менен ооруп калган 1237 адам көз жумду.

Акыркы бир сутка ичинде аталган илдеттин 304 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкекте 101 учур, Ош шаарында 2, Чүй облусу 51, Ош облусу 19, Талас облусу 16, Нарын облусу 3, Ысык-Көл облусу 32, Жалал-Абад облусу 72, Баткен облусунда 8 адам катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 69 миң 885ке жетти.

Акыркы бир суткада сакайып чыккандардын саны 349ду түздү. Пандемия башталгандан бери 61 миң 160 бейтап коронавирустан айыкты.

Кыргызстанда бир суткада дагы 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп, бешөө айыкты.

COVID-19 вирусу жалпы 3815 медкке жуккан, анын 3545и сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM