Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 432 учур жаңы катталып, 517 бейтап сакайды

Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 506 | 0

Бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 432 учуру катталып, вирус жугузгандардын жалпы саны 69 миң 581ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Жаңы катталган учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү: Бишкек — 138, Ош — 27, Чүй облусу – 62, Ош облусу — 26, Талас облусу — 10, Нарын облусу — 15, Ысык-Көл облусу – 51, Жалал-Абад облусу – 66, Баткен облусу — 37.

Ошондой эле бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен  517 бейтап сакайып чыгып, айыккандардын жалпы саны 60 миң 811ге жетти.

Мындан сырткары, бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар, Бишкек – 5 (1 кызыл зонадан), Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантинден 7 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3813 учур катталды, алардын ичинен 3540 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM