Биз менен байланышыңыз

«Америка ыры» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 643 | 0

Кыргызстандагы окуучулардын жана студенттердин арасында уюштурулган «Америка ыры» сынагы онлайн өткөрүлдү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Аталган ыр сынакка Кыргыз Республикасынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан 700дөн ашуун аткаруучу катышты. Пандемия шарттарына байланыштуу быйылкы сынакка катышуучулар ырларын алдын ала атайын студиядан видео түрүндө жаздырып жөнөтүшкөн. Аны калыстар тобунун курамына кирген АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Николь Холер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Мирбек Атабеков, Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Чынара Маткеримова, Америкадагы «Хэнхаус Праулэрз» тобунун ырчысы Бэн Райт, Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Аэлита Жолчиева онлайн форматта көрүп, өз бааларын беришти.

Сынактын жыйынтыгында окуучулар арасында 1-орунду Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиянын окуучусу Айдана Нурланова, 2-орунду Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектептин окуучусу Уланса Төлөбек кызы, 3-орунду ушул эле Чкалов атындагы №2 орто мектептин окуучусу Айжамал Мукашова жеңип алды. Ал эми студенттер категориясы боюнча 1-орунду Нурайым Нургазиева, 2-орунду Айзана Усупбаева, 3-орунду Изат Замирбек кызы жеңип алды. Белгилей кетсек, аталган 3 студент тең Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттте билим алышат.

«Америка ыры» сынагын АКШ элчилиги 2014-жылдан бери «Sun People» уюму менен биргеликте жыл сайын өткөрүп келет. Сынак Америка ырларын аткартуу аркылуу студенттердин жана окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун ойготуу, ошол эле учурда АКШ маданияты жөнүндө көбүрөөк маалымат алуусуна шарт түзүү максатын көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM