Биз менен байланышыңыз

«Шайлоо учурунда COVID-19дун жайылып кетпөөсүнө чара көрүңүздөр»

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 420 | 0

Бүгүн, 21-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Артем Новиков мамлекет коронавирустук инфекцияга бөгөт коюу чараларына даярдыгын, өлкөдө дары-дармектин, жеке коргонуу каражаттарынын кору жетиштүү экенин маалымдады. Буга катар эпидемиологиялык абалды турукташтыруу боюнча зарыл чараларды жүргүзүү маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын аймагындагы медикаменттерге карата бааларды мониторнигдөө жана ооруканаларды тийиштүү жабдуулар жана дары-дармек каражаттары менен жабдуу деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти улантууну буйруду.

«COVID-19ду дарылоого зарыл болгон дарыларга карата аймактардагы баалар Бишкек шаарындагы баалардан кескин айырмаланбашы керек. Дагы бир ирет бааларды көзөмөлдөңүздөр. Зарыл болгон учурда бааларды турукташтыруу боюнча чараларды кабыл алыңыздар. Ал үчүн бүгүнкү күндө бардык мыйзам рычагдары жетиштүү», — деди ал.

Мындан тышкары, алдыдагы жаңы жылдык майрам, президентти шайлоо күндөрүндө оорунун күчөп кетүү ыктымалына даяр туруу керектигин айтты.

«Белгилүү болгондой, алдыда жаңы жылдык майрамдар, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо турат. Бул окуялар адамдар ортосундагы байланыштардын күчөшүнө алып келет. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккан жарандардын көбөйүшүнө жол бербөө керек. Саламаттык сактоо тутуму жаңы жылдык майрамдарда жана шайлоо учурунда инфекциянын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу иштерине даяр болуусу керек», — деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жүрүшүндө республиканын ар  бир аймагындагы COVID-19 илдети боюнча өлкөдөгү абал тыкыр талкууланып, тиешелүү тараптарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM