Биз менен байланышыңыз

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 605 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо каар жаашы күтүлөт, ал эми күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9 … -14, күндүз -1 … -6 градус;

Талас облусунда: түнкүсүн -11 … -16, күндүз -1 … -6;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында: түнкүсүн -7 … -12, күндүз -2 … -3;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -4 … -9, күндүз 0 … 5 градуска чейин жылыйт;

Нарын облусунда: түнкүсүн -15 … -17, күндүз -0 … +1.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -10 … -12, күндүз -3…-5 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM