Биз менен байланышыңыз

«Чач» каймана аты менен таанылган Эрнис Мырзахмедов кармалды

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 857 | 0

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, криминалдык чөйрөдө «Чач» каймана аты менен таанылган Эрнис Мырзахмедов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ал 2015-жылы Беларусиянын аймагында өлтүрүлгөн кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин кылмыштуу тобунда жүргөн, Жалал-Абаддагы ок атышууга жана башка көптөгөн кылмыш иштерине катышы бар делип шектелүүдө. Ошондой эле УКМКнын маалыматында «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мурдагы жетекчиси Рашит Бостонов Эрнис Мырзахмедов жана анын тобун ар кандай мыйзамсыз иштерине пайдаланып келгени, бул боюнча Жалал-Абад облусунун тургундарынан бир нече арыз-даттануулар түшүп турганы айтылат.

Учурда Сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM