Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддан дүкөн тоногондор Оштон колго түштү

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 368 | 0

Сузак районундагы айылдардын биринен чоң суммадагы акча уурдап, товарын тоноп кеткендер колго түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук милициясына 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү райондогу айылдардын биринен дүкөн тонолгону боюнча арыз түшкөн. Уурулар дүкөндүн арткы эшигин сындырып кирип, кассадагы 300 миң сомду, 100 000 сомдук товарды жана сыртта турган «Дэу-Лабо» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен документтери менен кошо 10 000 сом акчасын уурдап кетишкен.

Аталган факты Сузак райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ууруларды кармоо максатында Жалал-Абад облустук ИИБнин криминалдык милиция кызматы жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип, Ош облусунун 4 тургуну кармалды. Уурулардын бирине буга чейин да кылмыш иши ачылып, үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган.

Учурда Сузак райондук ИИБнин Тергөө кызматында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана бул жарандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM