Биз менен байланышыңыз

«Жөө күлүк» тасмасы Оскар сыйлыгына көрсөтүлөт

«Жөө күлүк» тасмасы Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинин маалыматында айтылат.

Кечээ, 19-ноябрь күнү Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө аталган комитеттин отуруму болуп, анда Оскар сыйлыгынын «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» номинациясына «Жөө күлүк» тасмасын көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Тасманын режиссеру — Мирлан Абдыкалыков.

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи АКШнын Лос-Анжелес шаарында «Долби» театрында 2021-жылдын 25-апрелинде өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM