Биз менен байланышыңыз

Чек арада жайгашкан аймактарды өнүктүрүү программасы талкууланды

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 329 | 0

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов «Өзгөчө макамга ээ болгон айрым чектеш аймактардын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жөнүндө» мамлекеттик программаны ишке ашыруу маселеси боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Программанын алкагында 2018-2020-жылдарга карата 30дан ашык иш-чара камтылган, бул максатта бюджеттен 305 млн сом бөлүнгөн. Учурда 14 мамлекеттик объект толук бүткөрүлүп, 19 объект, анын ичинде социалдык, суу чарбалык, энергетикалык жана  жээктерди чыңдоо объектилери жыйынтыкталуу алдында турат.

Максат Мамытканов мамлекеттик органдарга программага киргизилген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM