Биз менен байланышыңыз

ЖАМК: Садыр Жапаров 230 адамды абактан бошотту

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 3559 | 0

Президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровдун ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык, 230 адам бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 1800дөн ашуун соттолгон жаранга ырайым кылуу боюнча Президентке караштуу Кайрымдуулук катчылыгына кайрылуу жолдонду. Анын негизинде 230 адамга ырайым берилди, дагы 38 соттолуучунун мөөнөтү кыскартылды.

Мекеме ырайым берүү багытында иштер улантылып жатканын кабарлады.

Жапаров: Түрмөдө жаткандарга ырайым беребиз

Ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата президент тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ыйгарым кылуу актысы президенттин жарлыгы менен ага карата кайрылуу кабыл алынган соттолгон адамга жиберилет. Эгер ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.

Ырайым кылуу жөнүндө арыздар эреже катары, соттун чечими күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде каралат.

Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кечирүү жөнүндө өтүнүчтөр, Комиссиянын сунуштары болсо, соттолгондорго ырайым кылууну колдонуу президенттин кароосуна берилет.

Эгер Комиссия кечирим берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө негиз таппаса, анда бул тууралуу маалымат президентке берилет, ал эми өтүнмө ээлерине кечирим берүү жөнүндө арыздардын четке кагылышы жөнүндө маалымдалат.

Кылмыш-жаза кодексинин 93-беренесине ылайык (2017-жылдын 2-февралында, № 19) ырайым кылуу жөнүндө акт аркылуу соттолгонго сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза берилген же жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурларда кошпогондо, сот тарабынан дайындалган өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жыйырма жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы, ошондой эле белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жеңилдетилиши мүмкүн.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирери менен соттолгон ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго ырайым кылуу жөнүндө кайталап расмий өтүнүч менен кайрылуусу, эгерде жаңы көңүлгө алуучу жагдайлар жок болсо, он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгонго сот тарабынан дайындалган жазанын жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM