Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Түрмөдө жаткандарга ырайым беребиз

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 473 | 0

Президенттин милдетин аткаруучунун соттолгон жарандарга мунапыс берүүгө толук укугу бар. Мындай пикирин Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президенттин милдетин аткарып жаткан учурда адилетсиз соттун чечими менен камалып кеткен жарандарга ырайым кылуу боюнча иш жүрүп жатат.

— Ырайым берүү боюнча президенттин милдетин аткаруучуда толук укук бар. Президенттин милдетин аткаруучу деп айтылып эле турбайбы. Буйруса, ырайым беребиз. Түрмөдө карапайым эле балдар менен олтурдум. Адилетсиз, атайын «подставага» түшүп калып олтурган 100гө жакын баланын ал жактан чыгып кетишине жардам бердим. Жардам бердим дегенде, көпчүлүгү кат-сабаты жоюлбаган, тамга тааныбагандар болот. Ошолордун арызын жазып бердим, Жогорку Кеңешке, президентке кат жазып берип жаттым, ырайым берүү боюнча, — деди Садыр Жапаров.

Өкмөт башчы түрмөгө түшкөндөрдүн 100 эмес, миңдеген жарандар майда иштер менен, күнөөсүз соттолуп кеткендер экенин айтып, алардын тагдыры талкаланып жатканын кошумчалады. Ал мындай болуп жатканынын себебин, ички иштер кызматкерлерине «жыйынтык көрсөт» деген талап бар экени менен түшүндүрдү.

Биздин союздан бери калган адат бар да, ички иштер кызматкерлери тарабынан. Мисалы, бир РИИБде 5 опер кызматкери болсо, үчөө кызматкерлерди кармап келет, а экөө кармабаса, талап болот, «силер эмнеге жыйынтык көрсөткөн жоксуңар?» деген. Ошондойлор анан бирөөнүн сумкасына анашаны, же куралды таштайт да, аны кылмышкер кылып камап коет. Мындай учурлар өтө көп болгон, бүгүн да ушундайлар көп. Мына, мен талап кылып жатам, жалаң далил менен гана иш алып баргыла, далил болбосо, «сен жыйынтык бербей атасың» деген талапты койбогула деп жатам. 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM