Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө англис тилин мыкты билген өлкөлөрдүн тизмеси. Кыргызстан 96-орунда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 853 | 0

Англис тилдүү эмес дүйнө өлкөлөрү арасында өткөн рейтингинде (Education First English Proficiency Index) Кыргызстан англис тилин билүү деңгээли боюнча 100 мамлекеттин ичинен 96-орунду ээледи. Өлкө былтыр бул рейтингде 99-орунда эле.

Изилдөөнүн автору «Англис тилин билүү деңгээли башка өлкөлөргө салыштырмалуу Борбордук Азияда төмөн экенин айтат. Себеби бул өлкөлөрдөгү мектептерде экинчи тил катары орус тилине басым жасалат.

Англис тилин билүү боюнча Нидерланды биринчи орунда турат.

Казакстан былтыркы жылга салыштырмалуу 1 тепкич өйдөгө чыккан. Ал эми Өзбекстан 95-тизмеден 88ге көтөрүлгөн.

Былтыркы жылы бул рейтингге кирбей калган Тажикстан быйыл эң акыркы орунду алган.

Эл аралык рейтингдин 10-басылмасы дүйнө боюнча 100 өлкөдөгү 2,2 миллиондон ашык калкты тестирлөөнүн жыйынтыгында чыгарылган.

Рейтингде мамлекеттерде англис тилин билүү деңгээли 5 баскычка бөлүнгөн: өтө жогору, жогору, орто, төмөн жана өтө төмөн деңгээл.

Кыргызстан англис тилин үйрөнүүдө эмне үчүн артта?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM