Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан англис тилин үйрөнүүдө эмне үчүн артта?

Билим-маданият | 8 Ноя 2019 | 1775 | 0

Англис тилдүү эмес 100 өлкөлөрдүн арасында иликтөө жүрүп, жыйынтыгында Кыргызстан 99чу орунда болду. Билим берүү тармагындагы эксперттердин пикиринде буга себеп, өлкөдөгү англис тилин үйрөтүү методикасы туура эмес. Мындан улам окуучулар 11 жыл аталган тил боюнча билим алса да, жеткиликтүү билбейт. Бул маселени кантип чечүүгө болот? Чындап эле коомчулук чет тилин үйрөнүүгө кызыктар эмеспи?

Нурпери Асанбаева учурда Бишкек мамлекеттик университетинде Европа цивилизация факультетинде окуйт. Ал бул кесипти эмне үчүн тандап алганын мындайча айтып берди.

-Мен эмне үчүн анлгис тилин тандап алгам? Анткени бул тил бүгүнкү күндө дүйнөлүк тил болуп эсептелет. Эгерде англис тилин менен мыкты деңгээлде өздөштүрсөм, гид болуп иштеп, дүйнө кыдырам, көптөгөн адамдар менен таанышам, дүйнө таанымым кенен болот. Тилекке каршы, англис тилине кызыкпаган досторум, тааныштарым көп. Мен айтат элем, орус тилин билели, бирок чет тилдерге көбүрөөк басым жасасак.

Дүйнөдө англис тилин мыкты билген өлкөлөрдүн тизмеси. Кыргызстан 99-орунда

Дүйнөдө англис тилдүү эмес 100 өлкөнүн арасында англис тили боюнча рейтинги аныкталып, анда Кыргызстан  99-орунду ээлеген. Тизмеде биринчи орунда Нидерланд өлкөсү турса, коңшу Казакстан былтыркы жылга салыштырмалуу 80ден 93-орунга түшүп калган. Ал эми Өзбекстан 95-тизмеге илинген. Мындай көрсөткүчтөн кийин өлкөдө англис тилинин жайылышына эмне тоскоолдук болуп жатканын тизмектеп көрдүк. Билим берүү боюнча серепчи Бакытбек Абдуллаевдин ою боюнча Кыргызстанда англис тилине кызыккан жаштар бар. Бирок аларга туура жол көрсөтүп, кызыгуусун арттыра турган тиешелүү кадамдар аз жасаларын түшүндүрүп берди.

-Биздин өлкөдө англис тилине кызыккандар бар. Бирок орус тилиндей суудай сүйлөгөн замандаштар аз. 11 жыл бою англис тилин үйрөтөбүз, жада калса, университеттерде да окутулат. Бирок жыйынтыгы төмөн. Буга себеп — методиканын начардыгы. Эгерде биздин жаштар англис тилин жакшы өздөштүрүүнү каалса, практика жүзүндө бири-бири менен ошол тилде көп сүйлөшүшү керек. Бирок андай аракеттер аз болгондугунан, жыйынтык канаттандыраарлык болбой жатат.

“Секом” билим берүү мекемесинде англис тил сабагынан берген мугалим Аниса Токтогулова Кыргызстандын жаштары англис тилин эле эмес, эне тил делген кыргыз тилин да мыкты билбейт.  Анткени үй-бүлөөдө көбүнесе орус тилинде сүйлөшкөндүктөн, башка тилдер унутта калгандай. Ал эми элетте окуган балдардын аз гана бөлүгү атайын курстарга келип тил үйрөнүшөт. Буга себеп кызыгуунун жоктугу же каражаттын аздыгынан деп эсептейт.

-Бизге ата-энелер балдарын англис тилин тереңдетип үйрөтүү максатында алып келишет. Бирок бүгүнкү күндө жаштар англис тилине караганда орус тилине басым жасап жатышат. Анткени алардын ата-энелери, чөйрөсү орус тилине сүйлөйт. Жада калса, кыргыз тили да унутта калып бара жаткандай. Ал эми орус тили бизге чектеш эки-үч мамлекетте керек болушу мүмкүн. Бирок башка мамлекетке барып жашап кетүү үчүн, англис тили керек болот. Ошон үчүн ушул багытка басым жасашыбыз керек болуп жатат. Замандын агымы бизди ушуга алып келди.

Дүйнө жүзү боюнча 2,3 миллиондон ашык калкты англис тилин билүү боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан 100 олкөнүн ичинен 99-орунда болгон. Ал эми эң акыркы орунда Ливия экени маалымдалган. Иликтөөнүн авторлору англис тилин билүү деңгээли башка өлкөлөргө салыштырмалуу Борбордук Азияда төмөн экенин ал жактагы мектептерде экинчи тил катары орус тили колдонулары менен түшүндүрүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM