Биз менен байланышыңыз

Катар мамлекети 81 бейтаптын жүрөгүнө бекер операция жасоого жардам берет

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 1254 | 0

Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги жана Катар кайрымдуулук фонду жүрөк оорулары үчүн операция жасоого жардам берет. Бул тууралуу 17-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинде Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла Аль-Сулайти менен министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар жүрөк оорулуу 81 бейтапка акысыз операция жасоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу, жалпы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Кардиохурургия борборунун жетекчилигине операцияга муктаж болуп, кезекте турган жарандардын жана операция жасай турган кардиохирургдардын тизмесин тез арада тактоо тапшырмасын берди.

Катар кайрымдуулук уюму пандемия учурунда Кыргызстанга 50 миң долларга медициналык жеке коргонуучу каражаттарын, 420 даана кычкылтек концентраторлорун берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM