Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы «Санарип тамга» инновациялык долбоорун ишке киргизди

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 557 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы ишин санариптештирүү максатында «Санарип тамга» инновациялык долбоорлорунун бирин ишке киргизди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган долбоор Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен 16-ноябрдан 22-ноябрга чейин «Достук» өткөрүү пункту жана Түштүк-Батыш бажысынын базасында пилоттук режимде ишке кирет.

«Санарип тамга» долбоорунун алкагында, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары товарлар автоунаа өткөрүү пункттарына келгенге чейин 30 күндүн, бирок эки сааттан кем эмес убакыттын ичинде бажы кызматына берген алдын ала маалыматты чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдар пайдалана алышат.

Ошондой эле өткөрүү пункттарында көзөмөлдүн бардык түрлөрүнүн өтүү убактысын туруктуу мониторингдөө үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM