Кыргызстанда дагы беш адам коронавирус илдетинен каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1217ге жетти.
19-ноябрга карата 422 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:
- Бишкек шаарында — 130;
- Ош шаарында — 22;
- Чүй облусунда – 93;
- Ош облусунда — 45;
- Талас облусунда — 20;
- Нарын облусунда — 16;
- Ысык-Көл облусунда – 51;
- Жалал-Абад облусунда – 24;
- Баткен облусунда — 21.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 68 миң 316ны түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 516 адам сакайып, жалпы айыккандар 59 миң 362ге жетти.
Ал эми медициналык кызматкерлер арасында 12 жаңы учур катталып, 7 кызматкер айыкты.
COVID-19 вирусу 3776 медикке жугуп, анын 3521и сакайды.