Биз менен байланышыңыз

Өкмөт медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча жеке сектордон сунуш күтөт

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 368 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өлкөнүн ири жеке медициналык борборлорунун жана лабораторияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Ал кызматташтыкты, ошондой эле элге көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуш берүүнү өтүндү.

«Учурда аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал кооптонууну жаратууда. Биз жалпы маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланышта болуп, бирдиктүү аянтчаны түзүп алуубуз зарыл. Бүгүн жеке сектордун үнүн, көйгөйлөрүн угалы дедик, мамлекеттик органдар тарабынан кандай тоскоолдуктар жаралып жатканын ачык айтыңыздар, аларды ыкчам чечүү зарыл. Өкмөт жеке сектор менен кызматташууну жөнгө салуу үчүн күч-аракетин жумшоого даяр. Алдыда чогулган көйгөйлөрдү тегерек үстөлдө чечүү максатында мамлекеттик органдар жана жеке тармак өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландаштырылууда», — деди Сурабалдиева.

Ал мындан тышкары, томографиялык текшерүүгө карата баалардын жеткиликтүүлүгү тууралуу да айтты.

«Учурда курч респиратордук жугуштуу оорулар күч алып, ал COVID-19 пандемиясы менен дал келген мезгилде жеңилдик берүү, анын катарында дарыгерлерге жеңилдик берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулообуз зарыл. Биз медициналык кызматкерлерди колдоого алуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуубуз керек», — деди Элвира Сурабалдиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM