Биз менен байланышыңыз

Бишкектин тез жардам кызматына алты унаа тапшырылды

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 332 | 0

Бишкектин тез жардам кызматына «А» класстагы алты жаңы унаа тапшырылды. Мэриядан кабарлашкандай, тез жардам бригадасына арналган Орусиянын өндүрүшүнө таандык «Соболь» унаалары бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган.

Учурда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автопаркында 54 унаа бар. Анын ичинен 13ү жараксыз абалда, ошондой эле 8 атайын унаа тез жардам борборуна катталган. Бир күндө орто эсеп менен 31-34 бригада ишке чыгат.

Маалым болгондой, тез жардам унаалары 13,7 миллион сомго жеткирилип, каражат шаардык бюджеттен каралды.

Ушул жылдын июнь айында шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы «А» класстагы алты тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM