Биз менен байланышыңыз

Перуда экинчи президент 6 күндө отставкага кетти

Дүйнө | 17 Ноя 2020 | 388 | 0

Перуда убактылуу президенттик кызматты аркалап турган Мануэль Мерино де Лама отставкага кетти. Бул тууралуу ал элге кайрылуусунда маалымдады.

Мерино де Лама кызматка 6 күн мурда, тагыраагы, 10-ноябрда киришкен. Ал пара алууга шектелген мурунку президент Мартин Вискарранын ордуна келген.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда митингге чыккандар менен полициянын кагылышуусу учурунда 2 жигит каза тапкан. Бул кайгылуу жагдай жаңы эле өлкө башына келген Мерино де Ламанын кызматтан кетүүсүнө себеп болду.

Окуядан соң Перунун министрлер кабинетинин 13 мүчөсү Лама менен иштөөшүүдөн баш тартып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан. Алардын катарында саламаттыкты сактоо, айыл чарба, юстиция, экономика, маданият, соода жана туризм, билим берүү, энергетика, коргонуу жана ички иштер министрлери бар.

Перудагы саясий кризис сентябрь айында, мурунку президент Вискарра менен ырчы Ричард Свинг жолугушкан учурдагы үн жазуу таркап кеткенден кийин башталган. Тактап айтканда, ал ири өлчөмдө пара алуу боюнча шектелүүдө. Мамлекет башчы алгач фактты моюндабай, артисттин ишин иликтөөгө жана тергөөгө тоскоол болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM