Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан бийлиги кызматкерлердин спорт менен машыгуусуна көңүл бурат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 413 | 0

Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министрлиги мамлекеттик кызматкерлердин спорт менен туруктуу алектенишине мониторинг жүргүзүүсүн улантат.

16-ноябрда мекеме Президентке караштуу Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттиги менен меморандумга кол койду. Ага ылайык, Дене тарбия жана спорт министрлиги Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлер үчүн туруктуу түрдө дене тарбия жана спорт сабактарын уюштуруп, сергек жашоо образын жарнамалап турат. Мындан тышкары 2021-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик органдар менен уюмдардын бирден кызматкерине «спорттук промоутер» деген кошумча тапшырма берилет. Анын бул иши үчүн айлыгы 20% жогорулайт.

Быйыл 30-октябрда өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев «Сергек жашоо образын киргизүү чаралары жана массалык спортту өнүктүрүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ал окуу жайлар менен мекемелердин дене тарбия жана спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.

Жарлыкка ылайык, 18 жаштан жогору адамдардын арасында сутка ичинде 10 миң же андан ашык кадам баскандардын электрондук капчыгына 3000 сумдан которулат. Мындан тышкары айдын жыйынтыгы менен райондо же шаарда эң көп баскан тургунга 300 миң сум (28 доллар), аймакта көп баскан адамга 500 миң сум (48 доллар) жана республикада эң көп баскан жаранга 1 миллион сумдан (100 долларга жакын) берүү каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM