Биз менен байланышыңыз

Азербайжан менен Армения Карабахта каза тапкан 200дөй аскердин сөөгүн алмашышты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 313 | 0

Тоолуу Карабахта Азербайжан менен Армения тирешүүсүндө каза болгон 200дөй аскердин сөөгүн бири-бирине өткөзүп берди. Бул тууралуу эл аралык Кызыл крест комитетинин президенти Петер Маурер билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Ал эки тарап туткундарды, согушта курман болгондордун сөөгүн алмашуу аракети уланып жатканын кошумчалады.

Сентябрдын соңунда Тоолуу Карабахта жаңжал тутанып, чоң согушка айланды. Армения менен Азербайжан 1980-жылдан бери уланып келген конфликттин курчушуна бири-бирин күнөөлөп чыгышты.

10-ноябрга караган түнү Орусия, Армения жана Азербайжан согушту токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Макулдашууда согуш учурунда туткунга түшкөн азери жана армян аскерлерин, курман болгондордун сөөктөрүн алмашуу жагдайы да айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM