Биз менен байланышыңыз

Пакистан Кыргызстандын айрым медициналык окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 703 | 0

Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын төрт медициналык окуу жайын кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын сайтына жарыяланды. 

Жашыл тизмеге киргендердин арасында Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби кирген.

Пакистандын медициналык комиссиясы кайрадан баалоодон өткөрө турган окуу жайлардын жалпы саны 362ни түзөт.

Пакистандык Амир: Кыргызстанда медициналык билим берүүнүн сапаты төмөн

Ушул жылдын 29-октбярында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын баарын кара тизмеге киргизген. Буга Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы себеп болгон. Ошондой эле алардын 90 %ы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатышканы айтылган.

2-ноябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын элчиси Тарик Ханды кабыл алган.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык багыттагы адистерди даярдаган окуу жайлардын ректорлору менен жолугуп, бул окуу жайларга көзөмөл күчөтүлөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM